Кыргыз элинин улуттук суусундугу болгон кымызды ата-бабалар илгертеден бери ыштап жасап келишкен. Ышталган кымыз бул бээнин сүтүн арча, тообурчак, чекенде сыяктуу өсүмдүктөрдүн түтүнүнө ышталган идиште ачытуу аркылуу даярдалган өзгөчө суусундук.Кыргыздын улуттук суусундугу болгон кымызды дайыма ыштап, даамына даам кошуп жасап келишкен

Кымызды ыштоо үчүн көбүнчө саба, көнөк же жыгач челек колдонулат. Алгач идиш таза жуулуп, жакшылап кургатылат. Андан соң анын ичине арча, тообурчак, чекенде, карагайдын тозоңу сыяктуу өсүмдүктөр түтөтүлөт. Айрым учурда жытын жана майлуулугун арттыруу үчүн койдун куйрук майы же сары май да пайдаланылат.
Түтүн идиштин дубалдарына сиңип, кымызга өзгөчө жыт жана даам берет. Мындан тышкары, ыштоо идишти зыяндуу бактериялардан тазалап, суусундуктун узак убакытка чейин сакталуусуна жардам берет.
Ышталган кымыз кадимки кымызга салыштырмалуу даамынын тереңдиги жана жагымдуу түтүн жыты менен айырмаланат. Түсү көбүнчө ачык сары же каймак түстө болот.
Адистердин айтымында, кымыз иммунитетти көтөрүп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ошондой эле аз кандуулукка каршы пайдалуу суусундук катары бааланат.
https://www.youtube.com/shorts/N7a80GhEdy4
Амина Русланова