Токтогул районуна караштуу Турусбек мектебинде «Акыркы коңгуроо» салтанаты өттү. Иш-чаранын алкагында билим берүү уясына дайыма дем берип, алдыңкы окуучулар менен мугалимдерди кубаттап келген конок — Саламаттыкты сактоонун отличниги, белгилүү дарыгер-кардиолог Райкан Көкүмова катышты.
Терек-Суу айылынын кулуну болгон Райкан Көкүмова быйыл экинчи жыл катары менен өзү туулуп-өскөн айылынын мектебине келип, жеке демөөрчүлүгүн көрсөттү. Ар бир инсандын эмгегин баалай билген дарыгер быйылкы алган 25 миң сомдук бир айлык пенсиясын толугу менен мектептин алдыңкы окуучуларын шыктандыруу үчүн тапшырды.
«Былтыр демөөрчү болуп келгенимде пенсиям 20 миң сом болчу. Аны мектеп директоруна берип, мыкты окуучуларга таратканбыз. Ошондо „пенсиям жылына канчага көбөйсө да, баарын май айында ушул балдарга колдоо катары берем“ деп сөз бергем. Ажобузга рахмат, быйыл пенсиям көбөйүптүр, убадама туруп 25 миң сомду жакшы окуган окуучуларга бердим», — дейт Райкан Көкүмова.

Райкан Көкүмова өз сөзүндө жергиликтүү калкты маалымат менен байма-бай камсыз кылып, жаш кабарчыларды тарбиялап жаткан «Ак-Бакай» медиасынын ишине ыраазычылык билдирди. Аталган медианын жетекчисине жана окуучу кыздарына алкыш айтып, жаш кабарчы кыздарга өзүнүн атынан атайын стипендия тапшырды.

«Сырттан караганда жеңил көрүнгөнү менен, маалымат айдыңында канчалаган мээнет жатат. Окуучу кыздардын интервью алып, сүрөт, видео тартып иштеп жатканы мени абдан кубантат. Алар билим алуу менен бирге кесип жолун да үйрөнүп жатышат. Мен „Ак-Бакай“ медиасын дайыма колдойм жана мындан ары да колдой бермекчимин», — деп кошумчалады дарыгер.

Райкан Көкүмова 1955-жылы Терек айылында туулган.1979-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун (КММИ) ийгиликтүү бүтүргөн. 1979-1983-ж. КММИнин гистология кафедрасында ассистент болуп эмгек жолун баштаган. 1983-1986-ж Токтогул районундагы Терек-Суу ооруканасында терапевт. 1988-жылдан тартып ушул күнгө чейин Токтогул райондук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө врач-кардиоревматолог болуп, элдин ден соолугу үчүн ак ниеттен кызмат кылып келет.

Өмүрүнүн жарым кылымына чукул убактысын адам өмүрүн сактоого арнаган Райкан Көкүмованын бул кадамы — келечек муунга өрнөк, айылдаштарына чоң дем-күч болду. Турусбек мектебинин жамааты жана «Ак-Бакай» медиасы ак халатчан энеге терең ыраазычылык билдирип, узун өмүр, бекем ден соолук каалайт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова