К.Султангазиев атындагы маданият үйүндө 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык иш чара өткөрүлдү. Алгач китепкана кызматкерлери балдарга ачык асман алдында сүрөт тарттырып, китеп окуп беришти.
Андан соң бөбөктөргө маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган жомок тартууланды.

Район акими Мирлан Камчыбеков балдарды майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды. Ошондой эле ал «ар бир бала бактылуу балалыкка, терең билимге жана жаркын келечекке татыктуу»- деди.
Мындан сырткары, райондук администрациянын атынан 500гө жакын бөбөккө балмуздак жана жеке ишкер Гүлнара Абышева тарабынан 80 балага кийим-кечек тапшырылды.


Ал эми эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Эрлан Качкынбаев ар дайым балдарга демөөрчү болуп келген жеке ишкер Абышева Гүлнарага Ардак грамота тапшырды.

Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин окуучуларынын ыр-бийлери бөбөктөргө майрамдык маанай тартуулады.
Даярдаган:Барчын Мамытбекова