1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Дөбөлү айыл аймагында майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, балдар үчүн унутулгус күнгө айланды.
Майрамдык иш-чарага айыл аймагындагы жаш жеткинчектер, ата-энелер жана тургундар активдүү катышышты. Өзгөчө майрамдык маанайды жаратууда айылдык маданият үйүнүн кызматкерлери чоң салым кошуп, кызыктуу концерттик программаларды, оюн-зоокторду жана түрдүү көңүл ачуучу иш-чараларды тартуулашты.
Майрамдын жүрүшүндө балдар арасында ар кандай сынактар, эстафеталык оюндар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды. Ошондой эле бардык балдарга бал муздак таратылып, майрамдык белектер берилди. Балдардын кубанычка толгон жүздөрү иш-чаранын башкы көркү болуп, майрам өзгөчө шаңдуу маанайда өттү.
Иш-чаранын ийгиликтүү уюштурулушуна жеке ишкер Абдыкасымов Асанбек, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана маданият кызматкерлери демөөрчүлүк көрсөтүп, балдардын майрамын өткөрүүгө көмөк көрсөтүштү. Алардын колдоосу менен жеткинчектер үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, майрамдын мазмундуу өтүшүнө өбөлгө болду.

Балдарды коргоонун эл аралык күнү — бул балдардын укуктарын коргоого, алардын бактылуу келечеги үчүн кам көрүүгө үндөгөн маанилүү күн. Дөбөлү айыл аймагында өткөрүлгөн бул майрам дагы бир жолу балдарга болгон өзгөчө көңүл буруунун жана камкордуктун үлгүсүн көрсөттү.
Мындай иш-чаралар өспүрүмдөрдүн көңүлүн көтөрүп, алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүү менен бирге, коомчулуктагы ынтымакты жана биримдикти бекемдөөгө чоң салым кошот. Балдардын күлкүсү жаңырып турган жерде келечек да жарык болору талашсыз.
Даярдаган: Индира Мөндүрбаева