Бүгүн 2026-жылдын 25-июнунда Кочкор райондук администрациясынын жыйын залында » Жылдын мыкты мугалими-2026″ республикалык кесиптик конкурсун райондук жана областтык туруна катышып, байгелүү орундарды камсыз кылган мугалимдерди сыйлоо аземи болуп өттү.
Капар Кыдыралиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Гулзина Дүйшөнбекова
Салтанаттуу иш-чараны Кочкор райондук профсоюз уюму жана билим берүү бөлүмү уюштуруп, ага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, өзүнүн кесипкөйлүгү, чыгармачылыгы жана жаңычыл усулдары менен айырмаланган мугалимдерге терең ыраазычылык билдирилди. Сөз сүйлөгөндөр мугалимдердин жаш муундарды тарбиялоодогу жана сапаттуу билим берүүдөгү орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын жетишкендиктери жалпы райондун сыймыгы экенин айтышты.

Кочкор райондук профсоюз уюму тарабынан жеңүүчүлөргө жана активдүү катышуучуларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы облустук конкурстун 6 жеңүүчүсүнө ыраазычылык кат тапшырышты. Бул сыйлыктар педагогдордун чыгармачылык изденүүсүнө дем берип, алардын кесиптик өсүшүнө түрткү болору белгиленди.
Сыйлоо аземи жылуу маанайда өтүп, чакан концеттик программа менен коштолуп, билим берүү тармагындагы жетишкендиктерди даңазалоо менен республикалык деңгээлдеги жеңиштерди каалоо менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Нурия Карымбаева