VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата Нарын облусунан мөңгүлөрдөн башат алган ыйык булак суусун узатуу салтанаты уюштурулду. Салтка ылайык, иш-чара аксакалдардын батасы менен башталып, булак суусу көөкөргө куюлду. Андан соң «Биримдик кербенинин» коштоосунда көчмөндөр оюндары өтө турган Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарына жөнөтүлдү.




Ак-Талаа районунун өкүлдөрү да Нарын облусунун атынан уюштурулган бул саамалыкка катышып, көчмөндөрдүн улуу мурасын даңазалоого өз салымын кошууда. Ак-Талаа районунун өкүлү Шахназар Жанболот уулунун айтымында, «Биримдик кербени» 4-июлда Ат-Башы районунун Богошту жайлоосунан көч менен жолго чыккан:
«Бул иш-чарага Нарын облусунун ар бир районунан экиден өкүл катышууда. Биз «Баатырлар биримдигинин» курамында булак суусу куюлган көөкөрдү Кырчын жайлоосуна жеткиребиз. Ал жерде жети дубандын өкүлдөрү чогулуп, бардык аймактардан алынып келген ыйык булак сууларын бириктирүү жөрөлгөсү өтөт. Ал эми 15-июлдан тарта ар бир дубандан көчмөн элдин жашоо-турмушун чагылдырган жүк жүктөлгөн кербендер Ысык-Көлдү көздөй жол тартат», — деди ал.

Руслан Карагулов жана Шахназар Жанболот уулу(оңдо) Ак-Талаа району
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда өтөт.
Учурда иш-чарага даярдык кызуу жүрүп, өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган бир катар иш-чаралар да уюштурулууда.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова