Ак-Бакай медиа борборунун жаш кабарчысы Айданек Жусупбекова мектепти ийгиликтүү аяктап, 11-классты өзгөчө үлгүдөгү (кызыл) аттестат менен бүтүрдү. Мындан тышкары, Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) 157 упай топтоду.

Бул жетишкендик Айданектин билимге болгон умтулуусун, жоопкерчилигин жана талыкпаган эмгегин айгинелейт. Ак Бакай медиа борборунун жамааты аны бул чоң ийгилиги менен чын жүрөктөн куттуктап, келечектеги окуусунда жана кесиптик жолунда дагы да ийгиликтерди багындырат деп ишенет.

Айданек мектепте гана мыкты окубастан, «Ак Бакай» медиа борборунда да жигердүү иш алып барып, коомдук турмушка эрте аралашты. Анын кабарчылык жолу, камера артындагы жана алдындагы эмгеги өзүнө чоң тажрыйба алып келгенин жаш каарманыбыз мындайча эскерет:
»Ак Бакай» медиа борборунда иш алып баруу мен үчүн чоң мектеп болду. Бул жерде мен журналистиканын негиздерин өздөштүрүп, туура форматта видео тартууну, видеолорду монтаждоону, маек алууну жана эл менен эркин баарлашууну үйрөндүм. Ар бир тапшырма мага жаңы тажрыйба берип, өзүмө болгон ишенимимди арттырды. Эң негизгиси, бул жер мени жоопкерчиликтүү болууга, убакытты туура пайдаланууга жана ар бир ишке кылдат мамиле кылууга үйрөттү».

Чындыгында, заманбап медианын тилин түшүнүү, маалыматты туура форматта жеткирүү жана эл менен тил табышуу — ар бир эле мектеп окуучусунун колунан келе бербеген иш. Айданек бул сыноолордун баарын ийгиликтүү жеңе алды.

Алдыда Айданекти чоң турмуш жолу жана студенттик курак күтүп турат. Ал өзүнүн келечегин эң ардактуу жана улуу кесиптердин бири — англис тили мугалимдиги менен байланыштырууну максат кылууда. Заман талабына шайкеш келген бул кесипти тандаганы анын дагы бир туура кадамы.
Бирок, ал медиа чөйрөсүнөн алыстап кетүүнү каалабайт:
«Журналистикага болгон кызыгуумду таштабай, аны сүйүктүү хоббим катары улантып, коомго пайдалуу маалыматтарды жеткирүүгө өз салымымды кошууну каалайм. „Ак Бакай“ медиада алган билимим жана тажрыйбам келечектеги ийгиликтериме бекем пайдубал болуп берерине ишенем», — дейт ал.
«Ак-Бакай» медиа борборунун жалпы жамааты Айданектин бул жетишкендиги менен сыймыктанат. Анын билимге болгон аракетчилдиги жана эмгекчилдиги курбуларына, ошондой эле артынан өсүп келе жаткан жаштарга жакшы үлгү болот деп ишенебиз. Айданекти чын жүрөктөн куттуктап, алдыдагы окуусуна ийгилик, бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайбыз. Максаттары ишке ашып, ийгиликтериңиз арта берсин!
Даярдаган: Азема Сабырбекова