Узун-Булак айылында долбоордун алкагында 3 чакырым жерге мал тосуу тосмосу курулууда. Иштерге керектүү материалдар өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнүп, курулуш аймактагы 10 айылдын жашоочулары аркылуу жүргүзүлүүдө.

Айыл өкмөтү тарабынан Нарын облустук «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна атайын долбоор даярдалган. Аталган долбоордун негизинде тосмо курууга зарыл болгон материалдар алынып келинди.

Бөлүнгөн каражатка ылайык, Узун-Булакта 3 километр аралыкка мал тосуу жумуштары колго алынды.
Учурда курулуш аймагында тосуу иштери уланууда. Жумушка айыл өкмөтүнө караштуу 10 айылдын тургундары тартылган. Жергиликтүү жашоочулар тосмону орнотууда кезектешип эмгектенишүүдө.


Даярдаган: Гүлира Сатарова.