Токтогул шаарында жаңы мэр ишке киришти. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген Рамис Өмүрканов Токтогул шаарынын мэри болуп дайындалды.

Жаңы дайындалган башчыны Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаев шаар мэриясынын эмгек жамаатына расмий түрдө тааныштырды.
Аким жаңы мэрдин алдыга койгон милдеттерди жоопкерчилик менен аткарып, шаардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө жана мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга чоң салым кошоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде Рамис Өмүрканов көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирип, мыйзамдуулукту, ачык-айкындыкты жана жоопкерчиликти башкы принцип катары карманарын баса белгиледи.
Жаңы мэрдин өмүр баяны жана эмгек жолу
Туулган жылы жана жери: 1984-жылдын 30-майында Бишкек шаарында туулуп, Токтогул районунун Саргамыш айылында чоңойгон.

Үй-бүлөсү: Үй-бүлөдө алты бир туугандын экинчиси. Ата-энеси мугалимдер — атасы физика, апасы орус тили сабагынан мугалим болуп эмгектенишип, учурда ардактуу эс алууда (пенсияда). Өзү үй-бүлөлүү, беш кыздын атасы.

Билими: Жогорку. Бишкек мамлекеттик университетин (БМУ) аяктаган, адистиги — «Экономика жана ишкердик» (экономист-эсепчи).
Эмгек жолу:
2008-жылдан баштап: Саргамыш айыл өкмөтүндө экономист-статист, кийинчерээк 4 жыл эсепчи-бухгалтер жана 3 жыл башкы бухгалтер болуп иштеген.
2015–2024-жылдары: Саргамыш айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордун үч ирет шайланып/дайындалып башкарган.
2024-жылдын ноябрынан бери: Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келген.

«Эң негизги максатым — биринчи кезекте мамлекетибизге, кайсы жерде болсом ошол жердин элине адал кызмат кылуу. Район акими Самаевдин жетекчилиги астында Токтогул шаарынын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, көрктөндүрүүгө жана көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм», — деди Рамис Өмүрканов.

Жаңы дайындалган мэр алгачкы күндөрдөн тартып эле шаар тургундарын түйшөлткөн төмөнкү көйгөйлөргө өзгөчө көңүл бурарын билдирди:
Таза суу маселеси: Жер көчкүнүн кесепетинен суу ылайланып, тунбай жаткан көйгөйдү тез арада жөнгө салуу боюнча тиешелүү адистер жана аппарат менен кеңешмелер өткөрүлүүдө.
Ички жолдор: Шаар ичиндеги жолдорду иретке келтирип, сапаттуу оңдоо иштерин жүргүзүү.
Ири объекттер: Президенттин колдоосу менен курулуп жаткан төрт чоң объекттин курулуш иштерин сапаттуу жыйынтыктоо.
Социалдык-экономикалык абал: Ички маселелерди толук иретке келтирип, шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана комфорттуу шарттарды түзүү.
Даярдаган: Азема Сабырбековна