Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагында суу сактагычтын (БДР) курулуш иштери башталды. Долбоор аймактагы сугат суу менен камсыздоону жакшыртып, айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган.
Иш учурунда
Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаңы суу сактагыч пайдаланууга берилгенден кийин сугат суусунун жетишсиздигин азайтып, дыйкандар үчүн туруктуу суу менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул долбоор аймактын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана келечекте суу ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзөрү белгиленүүдө.
Учурда урулуш иштери улантылып жатат.

Даярдагандар: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова