6-августта Бостери айылында өтүп жаткан VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Кыргызстандын жана Россиянын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган көргөзмө уюштурулду. .

Көргөзмө менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган расмий делегациялар таанышышты.

Экспозицияда Кыргызстандын экологиялык таза азык-түлүктөрү, айыл чарба жана өнөр жай тармактарына арналган заманбап техникалар, улуттук кол өнөрчүлүк буюмдары, жеңил өнөр жай продукциялары сунушталды. Ошондой эле Кыргызстанда жана Россияда өндүрүлгөн автоунаалар да көргөзмөгө коюлду.


Көргөзмө эки өлкөнүн өндүрүш, айыл чарба жана инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, ишкердик кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган аянтча болду.

Даярдаган: Азема Сабырбекова