Ысык-Көлдө ишкердик туризмдин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды

VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун жана XII Кыргыз-Россия аймактар аралык конференциясынын алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) көчмө сессиясы өттү. Анда «Ишкердик туризм – кыргыз-россиялык кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү жана аймактарды өнүктүрүүнүн маанилүү фактору» деген тема талкууланды.
Ысык-Көлдө ишкердик туризмдин Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдөгү ролу талкууланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов туризм өлкөнүн стратегиялык мааниге ээ тармактарынын бири экенин жана жыл сайын туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи.
Анын айтымында, 2025-жылы Кыргызстанга БУУнун Туризм уюмунун методологиясына ылайык 10,5 миллион турист келген. Туризм тармагы өлкө экономикасына 1,1 миллиард доллардан ашык киреше алып келген. Ал эми 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанга 6,5 миллионго жакын турист келген. Жыл аягына чейин алардын саны 13 миллиондон ашары, ал эми туризмдин ички дүң продукциядагы үлүшү 5,5–5,7 пайызга жетип, тармактын кирешеси 1,7–1,8 миллиард долларды түзөрү күтүлүүдө.

Ошондой эле ал Кыргызстан эл аралык ишкердик иш-чараларды өткөрүү үчүн туристтик инфраструктураны өнүктүрүп, тейлөө кызматтарынын сапатын жакшыртууга өзгөчө көңүл буруп жатканын айтты.
Петербург эл аралык экономикалык форумунун директору Алексей Вальков ишкердик туризм кабыл алуучу аймактардын экономикасына ар тараптуу оң таасирин тийгизерин белгиледи.
Анын айтымында, мындай иш-чаралар мейманканалардын, конференц-залдардын, транспорт тармагынын, тейлөө кызматтарынын жана туристтик инфраструктуранын ишин жандандырат. Мындан тышкары гиддер, котормочулар, техникалык адистер, жеткирүүчүлөр жана башка кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Ошондой эле конгресс-көргөзмө иш-чаралары аэропортторду, автожолдорду жана башка инфраструктуралык объектилерди модернизациялоого түрткү болуп жатканын белгиледи.

Сессиянын жүрүшүндө катышуучулар конгресс-көргөзмө инфраструктурасын өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн механизмдери, ишкердик сапарларды уюштурууда санариптик кызматтарды кеңири колдонуу жана ишкердик, маданий жана туристтик программаларды бириктирген комплекстүү туристтик өнүмдөрдү түзүү маселелерин талкуулашты.
Даярдаган: Азема Сабырбекова