12-августта Түп райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында өткөн жыйынга мекеме-ишканалардын жана айыл өкмөттөрүнүн жетекчилери катышты

Район акими Тимур Мадяров кышка даярдыктын жүрүшүнө токтолуп, калкты жана социалдык объектилерди күз-кыш мезгилинен көйгөйсүз өткөрүү боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жыйында штабдын мүчөлөрү өздөрүнө караштуу мекемелердин кышка даярдыгы тууралуу маалымат берип, аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Ошондой эле айрым көйгөйлөрдү чечүү үчүн тиешелүү министрликтер менен иш алып баруу зарылдыгы белгиленди. Район акими Тимур Мадяров кышка даярдык иштерин тездетүүнү тапшырып, штабдын район боюнча жетекчиси, акимдин биринчи орун басары Руслан Сарымсаковго даярдыктын жүрүшү тууралуу аппараттык жыйындарда үзгүлтүксүз маалымат берип турууну милдеттендирди.
Даярдаган: Муратбек Жумакадыров