Туура кам көрүү, убагында тоюттандыруу жана заманбап технологияларды колдонуу — канаттуу чарбачылыгын кирешелүү бизнеске айлантуунун башкы кепилдиги. Туз айылынын тургуну Саткын Муслимова суткалык жөжөлөрдү туура багып, 5 килограммга чейинки салмактагы тоокторду өстүрүү жана аларды сатууга даярдоо тажрыйбасы менен бөлүштү.

Салмагы 100 граммга да жетпеген суткалык балапандарды өстүрүү — жогорку жоопкерчиликти жана кылдаттыкты талап кылган процесс. Баштапкы этапта тамактануу чыгымы аз көрүнгөнү менен, чоңойгон сайын жемге болгон муктаждык кескин өсөт. Алсак, 100 даана балапан алгачкы күндөрү күнүнө жалпысынан 4 кг гана жем жесе, кийинчерээк ар бир тоок күнүнө орто эсеп менен 300 граммга чейин тоют керектеп калат.

Тооктун акыркы салмагы жана жемди сиңирүүсү анын породасына түздөн-түз байланыштуу:
Эт багытындагы породалар (бройлерлер): Ыкчам салмак кошуп, кыска мөөнөттө 5 кг чейин жетет. Эт-жумуртка же жумуртка багытындагы породалар: Жайыраак өсүп, орточо 3 кг тегерегинде салмакка ээ болушат.

Эң башкысы — алгачкы күндөрдөн баштап тоюттандыруу режимин бузбай, таза суу менен сапаттуу жемди убагында берип туруу зарыл.

Туз айылынын тургуну Саткын Муслимова жөжө өстүрүүнүн жана даяр продукция чыгаруунун сырларын айтып берди
Даяр болгон канаттууларды сатууга даярдоо да атайын ыкманы талап кылат. Союла турган тооктор атайын жүн жулуучу аппараттын жардамы менен бат жана таза тазаланып, андан соң союлуп, сатууга чыгарылат. Канаттуу чарбачылыгында ийгиликке жетүү — ушундай майда, бирок чечүүчү эрежелерди так сактоодон башталат.
Даярдаган: Гүлира Сатарова