Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагына караштуу Төлөк айылында ишке ашырылып жаткан «Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргойбуз» долбоорунун алкагында Соң-Көлдүн айланасындагы жайыттардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн абалын аныктоо боюнча комплекстүү экологиялык мониторинг жүргүзүлдү.
Долбоорду Төлөк айылынын «Тирек» демилгелүү тобу ишке ашырып жатат. Анын негизги максаты — жергиликтүү коомчулуктун жаратылыш ресурстарын туруктуу башкарууга катышуусун күчөтүү, Соң-Көлдүн жайыттарын жана биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, ошондой эле аймакта коомдук экологиялык мониторинг системасын өнүктүрүүгө салым кошуу.

Долбоордун алкагында экология боюнча эксперт Анара Султангазиева Бишкек шаарынан атайын келип, Соң-Көлдүн айланасында талаа экологиялык мониторинг иштерин жүргүзүп кетти. Эксперт демилгелүү топтун өкүлдөрү жана жергиликтүү коомчулуктун катышуусунда аймактагы жайыттардын учурдагы абалына байкоо жүргүзүп, экосистемага таасир этип жаткан негизги факторлорду изилдеди. Мониторингдин жүрүшүндө аймактын экологиялык абалы комплекстүү каралып, жайыттардын абалына, өсүмдүктөр дүйнөсүнө жана биологиялык ар түрдүүлүккө байланышкан маалыматтар топтолду. Ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун аймактагы экологиялык өзгөрүүлөр боюнча байкоолору жана пикирлери эске алынды.

Мониторинг учурунда Соң-Көлдүн айланасындагы жаратылыш ресурстарына таасир этүүчү бир катар факторлорго өзгөчө көңүл бурулду.
Алардын катарына:
Эксперт аймактагы экологиялык жактан көйгөйлүү жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылган жерлерди аныктоого да катышты. Мындан тышкары, көйгөйлүү экологиялык зоналарды картага түшүрүү үчүн зарыл болгон маалыматтар топтолду.

Долбоордун өзгөчөлүгү — экологиялык мониторинг иштерине жергиликтүү коомчулуктун активдүү катышуусу. Соң-Көлдүн айланасында жашаган жана жайыттарды пайдаланган жергиликтүү тургундар аймактагы өзгөрүүлөрдү күнүмдүк турмушунда байкап келишет. Ошондуктан алардын байкоолору жана пикирлери илимий мониторингдин маалыматтарын толуктоодо маанилүү болуп саналат. Долбоордун алкагында коомдук экологиялык мониторингди өнүктүрүү маселесине да көңүл бурулуп, жергиликтүү коомчулуктун жаратылышты коргоого катышуусун күчөтүү багыты каралууда.

Соң-Көлдүн айланасындагы жайыттар жергиликтүү калктын мал чарбачылыгы үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Ошол эле учурда жайыттарды туура эмес же ашыкча пайдалануу алардын деградациясына алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу жүргүзүлгөн мониторингдин алкагында жайыттардын учурдагы абалына баа берүү, көйгөйлүү жерлерди аныктоо жана аларды мындан ары туруктуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга негиз боло турган маалыматтар топтолду. Мониторингдин жыйынтыгында жайыттарды башкаруу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жаратылыш ресурстарын жоопкерчиликтүү пайдалануу боюнча практикалык сунуштар даярдалат.

Учурда талаа изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө топтолгон маалыматтар системалаштырылып, эксперттик талдоо жүргүзүлүүдө. Экологиялык мониторингдин толук жыйынтыгы, илимий негизделген отчет жана практикалык сунуштар сентябрь айынын аягында даяр болот. Жыйынтык отчетто Соң-Көлдүн айланасындагы жайыттардын жана биологиялык ар түрдүүлүктүн абалы, аныкталган негизги экологиялык көйгөйлөр жана аларды азайтуу боюнча сунуштар камтылат. Ошондой эле мониторингдин жыйынтыктары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, демилгелүү топко жана кызыктар тараптарга сунушталып, коомчулук менен талкууланат.

«Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргойбуз» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн бул мониторинг аймактын экологиялык абалын илимий негизде баалоого жана көйгөйлөрдү жергиликтүү коомчулук менен биргеликте аныктоого мүмкүнчүлүк берди. Жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, жайыттарды сактоо жана биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо боюнча туура чечимдерди кабыл алуу үчүн мындай изилдөөлөрдүн мааниси чоң. Мониторингдин жыйынтыгы Соң-Көлдүн экосистемасын сактоо боюнча мындан аркы иштерге негиз болуп, жергиликтүү коомчулук, бийлик жана башка кызыкдар тараптар үчүн практикалык сунуштарды берет.

Даярдаган: Бурул Майрамбек кызы