Чолпон айылында бош отурган келиндерге жаңы мүмкүнчүлүк ачылып, сүт азыктарын кайра иштетүү аркылуу үй-бүлөлүк бюджетти бекемдөө жолго коюлууда. Нарындагы чоңдорду окутуу борбору өткөргөн атайын курс айыл аялдарына чийки сүттү кымбат баадагы даяр продукцияга айлантуунун сырларын үйрөттү.

Айыл жеринде таза сүт мол болгону менен, аны арзан баада чийки бойдон сатуу фермерлерге чоң киреше алып келбейт. Мына ушундай маселени чечүү жана жергиликтүү келиндерди жумуш менен камсыз кылуу максатында үстүбүздөгү жылдын июнь айында Нарындагы чоңдорду окутуу борборунун адистери атайын окуу курсун уюштурушкан.

Окутуунун жүрүшүндө айылдагы 9 келинге сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана андан ар кандай азыктарды даярдоо жолдору көрсөтүлдү. Курсту ийгиликтүү аяктаган катышуучулар төмөнкүдөй тамак-аш түрлөрүн жасоону өздөштүрүп, сертификаттарга ээ болушту: Йогурт, кефир, быштак жана сыр.

Катышуучулардын бири Мээрим Жайнак кызынын айтымында, бул демилге айылдагы жумушсуз келиндер үчүн абдан ыңгайлуу жагдай түздү. Продукция даярдоонун технологиясы татаал эмес, эң башкысы — даамдуу жана сапаттуу продукт алуу.
Кирешелүүлүк жагынан алганда, айырма абдан байкалат:
• Чийки сүттүн баасы: 1 литри — 40 сом
• Даяр йогурттун баасы: 1 литри — 130 сом
«Иштин эч кандай кыйынчылыгы жок. Болгону йогуртко кошула турган атайын аралашманы (заквасканы) шаардан алдырып туруу керек, калган процесси абдан жеңил,» — дейт Мээрим Жайнак кызы.

Мындай чакан өндүрүш айылдык аялдардын убактысын натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзүп, айылда жеке ишкердикти өнүктүрүүгө чоң түрткү берүүдө.
Даярдаган: Балбай Качкынбеков.