Төлөк айылынан чыккан 1999-жылы туулган Мирбек Нурбек уулу — кыргыздын улуттук оюну болгон абалак ордону чеберчилик менен өздөштүрүп, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарды багындырып келе жаткан жаш ордочу. Аны башка оюнчулардан айырмалап турган өзгөчөлүгү — ордону сол колу менен ойной тургандыгы. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандын мыкты ордочуларынын катарын толуктап, «Көчмөндөр оюндарында» командасы менен жеңишке жетти.
Ордо оюнуна 19 жашында келген
Мирбек Нурбек уулу абалак ордо оюнун 19 жашынан баштап үйрөнө баштаган. Бул улуттук оюнга кызыгуусуна анын таякеси себеп болуп, ордонун сырларын алгач ошол кишиден үйрөнгөн. 2020-жылдан тартып айыл-айыл болуп өткөрүлгөн ордо оюндарында активдүү катышып, өзүнүн чеберчилигин сынай баштаган. Убакыт өткөн сайын тажрыйбасы артып, республикалык мелдештерге чейин жеткен.

Алгачкы чоң ийгилик — республикалык экинчи орун
Мирбектин спорттук карьерасындагы маанилүү учурлардын бири 2022-жылга туура келет. Ал Нарын облусунан түзүлгөн ордочулардын курама командасына кирип, республикалык мелдешке катышкан. Команда мелдеште 2-орунду камсыз кылса, Мирбек өзү «Мыкты оюнчу» наамына татыган. Бул жетишкендик жаш ордочунун республикалык деңгээлдеги мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, алдыдагы ири мелдештерге жол ачкан.
«Алтын абалактагы» ийгилик
2024-жылы Кыргызстанда абалак орду боюнча ири «Алтын абалак» турнири өткөрүлүп, ага өлкөнүн мыкты оюнчулары катышкан. Мирбек бул мелдеште да өзүнүн чеберчилигин көрсөтүп, «Мыкты тоорумакчы» наамын жеңип алган.Ал эми 2025-жыл Мирбек үчүн дагы бир топ ийгиликтүү жыл болгон. Ал райондук жана облустук деңгээлдеги мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, тажрыйбасын дагы бекемдеген.

«Сары-Өзөн-Чүй» командасынын курамында
2026-жылдын башында Мирбек Нурбек уулу «Сары-Өзөн-Чүй» командасына бир жылдык келишим менен кошулган. Жаңы командадагы алгачкы ири жетишкендиктеринин бири — май айында өткөн республикалык турнирде 1-орунду багындыруусу болгон. Муну менен Мирбек өзүнүн жеке чеберчилигин гана эмес, команда менен биргеликте ийгилик жарата аларын да далилдеген.
«Көчмөндөр оюнунда» алтын медаль
Мирбектин 2026-жылдагы эң чоң ийгиликтеринин алгачкысы — «Көчмөндөр оюндарына» болгон тандоо мелдешиндеги жеңиши. 4-июлда өткөн тандоо оюндарында Мирбек катышкан команда республикалык деңгээлде 1-орунду ээлеп, жетишкен ийгилиги үчүн ал командасы менен «Көчмөндөр оюндарына» жолдомо алган. «Көчмөндөр оюндарында» 2–3-сентябрь күндөрү эл аралык таймаштык оюндар өтүп, Мирбек анда да мыкты оюн көрсөтүп, командасы менен 1-орунду камсыздаган. Жеңиштин жыйынтыгында ал диплом, алтын медаль жана төш белги менен сыйланган.

Сол колу менен ойногон ордочу
Мирбектин ордо оюнундагы өзгөчөлүгү — анын сол колу менен ойной тургандыгы. Көпчүлүк ордочулар оң колу менен оюн жүргүзсө, Мирбек сол колу менен абалактарды так уруп, оюн талаасында өзүнө таандык ыкманы калыптандырган. Бул өзгөчөлүк анын оюнун башка ордочулардан айырмалап, атаандаштары үчүн да күтүүсүз ыкмалардын бири болуп саналат.
Жетишкендиктери:
Мирбек Нурбек уулунун бүгүнкү күнгө чейинки негизги жетишкендиктери:

19 жашында таякесинен абалак ордонун алгачкы сырларын үйрөнгөн Мирбек бүгүн республикалык жана эл аралык деңгээлдеги мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп жаткан тажрыйбалуу оюнчуга айланды. Анын жолу — улуттук оюнга кызыгуу бир гана хобби эмес, чоң эмгек жана тынымсыз машыгуу менен кесипкөйлүк деңгээлге жеткирерин көрсөткөн мисал. Сол колу менен ордо чаап, атаандаштарын артта калтырган Мирбек Нурбек уулу эми алдыда дагы жаңы жеңиштерди багындырууну көздөйт.
Бурул Майрамбек кызы