11-сентябрда Кочкор районунда эки мектептин жаңы имараты пайдаланууга берилди. Мектептин салтанаттуу ачылышына жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин депутаттары катышышты.

Тактап айтсак райондогу И.Арабаев жана А.Абдыкеримов атындагы жалпы билим берүү мектептеринин жаңы имараттары пайдаланууга берилди. Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жылдыз Садырбаева, Адилет Белеков, Кочкор райондук администрациясынын башчысы-аким Б.Досалиев, Айылдык Кеңештин депутаттары жана жалпы мугалимдер жамааты катышты

«Жаңы курулган эки мектептин имараты 2006-жылкы жер титирөөдөн кийин жараксыз абалга келип, шашылыш түрдө сендвич-панелден тургузулган. Ал эми жаңы курулган мектеп 3 жыл мурун башталган. Бүгүнкү күндө райондо эки мектептин жаңы заманбап имараты пайдаланууга берилип отурат. Ишенаалы Арабаев атындагы жалпы билим берүү мектеби 500 орундуу, курулуштун баасы 261 млн сом, ал эми Ак-Талаа айылында жайгашкан Азис Абдыкеримов атындагы жалпы билим берүү мектеби 150 орундуу, баасы 96 млн сомду түзөт. Окуучулардын билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуулуктар каралган. Эки мектеп тең заманбап окуу техникалары менен камсыздалды»,-деди район жетекчиси.



Салтанаттуу иш-чарага келген коноктор каалоо-тилектерин айтышып, жалпы мектеп жамаатын куттукташты. Соңунда иш-чара ыр- бий менен жыйынтыкталды
Даярдаган: Бакыт Кожокматов