Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Күнтуу айыл өкмөтүндө коомдун ынтымагын бекемдөөгө салым кошкон аксакалдар сотунун кызматкерлери жана ардагерлери сыйланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Сүйүналиев аксакалдарды куттуктап, алардын айыл аймагынын өнүгүшүнө жана коомдогу ынтымакты сактоого кошкон салымы зор экенин белгиледи. Ардагерлерге Ардак грамоталар тапшырылды.

Сыйлык алган аксакалдар өздөрүнүн ыраазычылыгын билдирип, жаштарга ак баталарын беришти.
Аксакалдар сотунун ардагери Кубанычбек Аргынбаев:
«Чүй облусунун 100 жылдыгы сыяктуу чоң мааракеде биздин эмгегибизди унутпай, сый-урмат көрсөтүп жатканыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Жылдар бою айылдын ынтымагы жана калыстыгы үчүн кылган ишибиздин бааланганы биз үчүн чоң сыймык. Жаштар ынтымактуу болуп, айылдын өнүгүшүнө салым кошо берсин деп батабызды беребиз», — деди.
Аксакалдар сотунун төрагасы Назирдир Бакирдинов да көрсөтүлгөн көңүл буруу аларга дем бергенин белгиледи.
«Бүгүнкү көрсөтүлгөн көңүл буруу бизге эки эсе күч-кубат берди. Аксакалдар сотунун иши жооптуу. Эл арасындагы түшүнбөстүктөрдү жараштырып, туура жол көрсөтүү биздин милдетибиз. Айыл өкмөтүнүн жана коомдун колдоосу биздин ишибизге берилген чоң баа. Ар дайым элдин ынтымагы үчүн кызмат кыла беребиз», — деди ал.

Сыйлоо аземи аксакалдардын коомдогу ордун жана алардын айылдагы ынтымакты бекемдөөгө кошкон салымын дагы бир ирет белгиледи. Иш-чаранын соңунда аксакалдар Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Сүйүналиевге жана кызматкерлерине терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Даярдаган: Айдай Джолчубекова, Раяна Бейшенбекова