Токтогул районунун спортчулары кезектеги ири мелдеште дагы бир ирет өздөрүнүн мыктылыгын далилдеп, райондун намысын жогорку деңгээлде коргошту.

2026-жылдын 25-сентябрында Кербен шаарында (Аксы району) ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөрүлгөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасы курч атаандаштыкта өттү. Атайын бекитилген жобонун негизинде уюштурулган бул таймашка Жалал-Абад облусунун бардык аймактарынан келген, спортту сүйгөн катышуучулар катышышты.

Токтогул районунун намысын коргоо үчүн мелдешке 17 спортчудан турган курама команда барды. Алар спорттун 7 түрү боюнча күч сынашып, жогорку чеберчилик менен төмөнкү багыттарда таймашышты:
🏹 Жаа атуу жана Таяк тартыш (масс-рестлинг)
💪 Кол күрөш (армрестлинг) жана Таш көтөрүү
♿ Коляскада жарышуу
♟️ Шахмат жана Шашки

Бардык спорт түрлөрү боюнча топтогон упайлардын жыйынтыгында, Токтогул курамасы командалык эсепте сыймыктуу II орунду багынтып, күмүш байгенин ээси болушту.

Спортчулардын Кербен шаарына барып-келүүсү, жол чыгымдары жана уюштуруу маселелери Токтогул шаардык мэриясы менен айыл өкмөттөрү тарабынан толугу менен каржыланды. Жергиликтүү бийликтин мындай колдоосу жана спортчулардын кайраттуу аракети биригип, чоң жеңишке жол ачты.
Даярдаган: Азема Сабырбекова