Токтогул районунун спортчулары майыптыгы бар жарандар арасында өткөн XV Жалал-Абад облустук спартакиадасында командалык эсепте II орунду ээлеп, күмүш медалга ээ болушту.

Мелдеш 2026-жылдын 25-сентябрында Аксы районунун Кербен шаарында өткөрүлдү. Ага Жалал-Абад облусунун аймактарынан келген спортчулар катышып, спорттун бир нече түрү боюнча күч сынашты.

Токтогул районунун намысын 17 спортчудан турган курама команда коргоду. Алар спорттун жети түрү боюнча мелдешке катышты. Алардын катарында:
— жаа атуу;
— таяк тартыш (масс-рестлинг);
— кол күрөш (армрестлинг);
— таш көтөрүү;
— коляскада жарышуу;
— шахмат;
— шашки боюнча мелдештер болду.

Мелдештин жыйынтыгында бардык спорт түрлөрү боюнча топтолгон упайлар эсептелип, Токтогул районунун курама командасы командалык эсепте II орунду ээледи.

Спортчулардын Кербен шаарына барып-келүүсү, жол чыгымдары жана уюштуруу маселелери Токтогул шаардык мэриясы жана айыл өкмөттөрү тарабынан каржыланды.
Даярдаган: Азема Сабырбекова