Токтогул шаарында коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында «Ыңгайлуу шарт» муниципалдык ишканасынын материалдык-техникалык базасы жаңыланды. Бул максатка Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 миллион 721 миң сом бөлүнгөн.

Токтогул шаарынын көчөлөрүн таза жана көрктүү кармоо максатында шаар аймагына жаңы таштанды урналары орнотула баштады.

Коммуналдык кызматтын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана шаарды тазалоо иштеринин сапатын жогорулатуу үчүн бир катар атайын техникалар жана жабдуулар сатылып алынды.
Алардын арасында:
2 даана заманбап электромобиль — тар көчөлөрдөн таштандыларды ыкчам чогултууга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирбестен иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет.
2 даана өзү көтөрүүчү «Желмаян» техникасы — көлөмдүү жана салмактуу калдыктарды жүктөө иштерин жеңилдетет.
4 даана электровелосипед — коммуналдык кызматкерлердин шаар ичинде ыкчам жана мобилдүү жүрүүсүн камсыз кылат.
1 даана кар тазалоочу жана коммуналдык көчө тазалоочу комплекс — кыш мезгилинде карды, ал эми жай мезгилинде чаң жана таштандыларды тазалоого пайдаланылат.
100 даана таштанды челек жана 15 даана чатырча — эл көп топтолгон жерлерге орнотулуп, таштандылардын айланага чачылып кетишинин алдын алууга багытталган.
4 даана чөп чапкыч — парктарды, аллеяларды жана жол жээктерин тазалап, жашыл аймактарды иретке келтирүүгө көмөктөшөт.

2 даана заманбап электромобиль — тар көчөлөрдөн да таштандыларды тоскоолдуксуз, экологияга зыян келтирбей чогултууга шарт түзөт.

Токтогул шаарынын мэри Рамис Өмүркановдун айтымында, жаңы техникалар коммуналдык кызматтардын ишин жакшыртууга жана шаарды таза кармоого өбөлгө түзөт:
«Алып келинген заманбап техникалар калкка көрсөтүлүүчү коммуналдык кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге көтөрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле бул жабдуулар тургундардын күнүмдүк жашоо шартын жакшыртууга жана шаардын санитардык абалын туруктуу сактоого жардам берет. Шаарды көрктөндүрүү жана тазалыкты камсыз кылуу багытындагы иштер мындан ары да улантылат», — деди Рамис Өмүрканов.
Даярдаган: Азема Сабырбекова