«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облустарынан келген лидер айымдар Ысык-Көлдө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.
Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү.
Бүгүнкү эфирде «Баланы тарбиялоодогу ата-эненин орду» деген тема талкууланат.
“Кыйындын” катышуучулары:
Майрамкүл Абдыкеримова — Ак-Суу районунун аялдар кеңешинин төрайымы;
Айзат Узакова — Кочкор райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы;
Гулзана Жаныбаева — Ак-Суу районунун Пионер айылынын аялдар кеңешинин мүчөсү.
Модератор: Кайыргүл Урумканова.