Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтуу айыл аймагындагы Маловодное айылындагы Касым Тыныстанов атындагы орто мектепке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен шахмат жана спорттук шаймандар берилди. Тактап айтканда, мектепке 9 даана магниттик шахмат, 2 волейбол тобу жана 2 футбол тобу тапшырылды.

Бул белектер окуучулардын шахматка болгон кызыгуусун арттырууга, логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана спорт менен машыгууга шарт түзүүгө багытталган. Жаңы шаймандар окуучулардын интеллектуалдык жана спорттук жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө өбөлгө болот.
Мектеп жамааты демилгени колдоп, демөөрчүлүк жардам көрсөткөн Чолпон Эсенбековага, «Компаньон» банкынын жетекчилигине жана жалпы кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле бул ишти уюштурууга көмөк көрсөткөн Маловодное айылынын айыл башчысы Айнура Исаковага өзгөчө ыраазычылык айтылды.
Билимге, спортко жана жаш муундун өнүгүүсүнө көрсөтүлгөн мындай колдоо окуучулардын келечегине кошулган салым болуп саналат.
Даярдагандар: Перизат Каратаева, Аксана Шалтаева