7-ноябрда Кант шаарынын жана Ысык-Ата районунун тургундары менен болгон жолугушууда президент Садыр Жапаровго эки аял көп жылдан бери чечилбей келе жаткан турак жай маселелери боюнча кайрылды. Алардын бири үйдү расмий документтерсиз сатып алганын айтса, экинчиси өзү курган үйүн башка адамдар талашып жатканын билдирди.

«Үйдү сатып алганбыз, эми мурунку ээсинин туугандары талашып жатат»
Өзүн Рая деп тааныштырган Кант шаарынын тургуну көп жыл мурда Аламүдүн районунун Алмалуу айылынан үй сатып алганын айтты.
Анын билдиришинче, үйдүн мурдагы ээси Керимбек аттуу жаран документтерди жана ишеним катты берген. Кийин паспортун жаңырткандан соң үйдү расмий каттоодон өткөрүп берүүнү убадалаган. Бирок ал убадасын аткарбай, документтер толук таризделбей калган.
Кийин Рая үйдү башка адамга сатып жиберген. Бирок бир нече жылдан соң мурдагы ээсинин эжелери пайда болуп, турак жайды бошотууну талап кыла башташкан.
«Төрт-беш жылдан бери ушул маселе менен жүрөбүз. Адилеттүүлүк болуп, жардам берилеби деп келдим», — деди ал.
Президент үйдү сатып алуу жана кайра сатуу учурунда документтер мыйзамдуу таризделбегендиктен, маселени чечүү кыйын экенин белгиледи. Ошондой эле жарандарды кыймылсыз мүлк сатып алууда нотариалдык жана мамлекеттик каттоо талаптарын сактоого чакырды.

«Өзүм курган үйүмдү квартиранттар талашып жатат»
Жолугушууда дагы бир тургун Мира Турдукулова да турак жай маселеси боюнча жардам сурады.
Анын айтымында, ал 2013-жылы үй сатып алып, нотариус аркылуу ишеним кат алган. Кийин ошол жерге үй куруп, электр жарыгы жок болгондуктан, турак жайды карап туруу үчүн улгайган жубайларды жашаткан. Бирок убакыттын өтүшү менен алардын уулу үйгө ээлик кылууга аракет кыла баштаган.
«Мен өзүмдүн үйүмө ээ боло албай жүрөм. Сот да карабайт, милиция да карабайт. Сизге жазган арызым да каралган жок. Мен жалгыз бой энемин», — деди Мира Турдукулова.
Аялдын билдиришинче, үйдү талашып жаткан тарап башка ишеним каттарды көрсөтүп, алардын жасалма болушу мүмкүн экенине шек жаралган.
Президент анын колунда нотариус аркылуу берилген ишеним кат бар-жогун тактады. Документтери бар экенин билдиргенден кийин Садыр Жапаров ички иштер органдарына маселени териштирүүнү тапшырды.
«Эгер ишеним каты нотариус аркылуу расмий берилген болсо, жардам бериш керек. Ким документ жасалмалаган болсо, жоопко тарткыла. Бул айымга жардам бергиле», — деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле тиешелүү кызматкерлерге аялды кабыл алып, документтерин текшерүү тапшырмасын берди.
Президент мүлктү расмий каттоонун маанилүүлүгүн белгиледи
Эки кайрылууга жооп берип жатып, Садыр Жапаров жер жана турак жай талаштары көп кездешип жатканын белгиледи. Ал жарандарды кыймылсыз мүлк сатып алууда оозеки макулдашууга гана ишенбестен, документтерди нотариалдык жактан күбөлөндүрүп, мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө чакырды.
Жыйынтыгында Мира Турдукулованын арызы боюнча укук коргоо органдарына текшерүү жүргүзүү тапшырылды. Ал эми эки аял көтөргөн турак жай талаштарынын акыркы укуктук чечими азырынча белгисиз.
Даярдаган: Венера Шонкоева