7-ноябрда Кант шаарында Ысык-Ата районунун тургундары менен болгон жолугушууда төрт баланын энеси Аруу Эмилбекова президент Садыр Жапаровго кайрылып, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын жана соттун чечими менен балдарынан ажырап калганын айтты. Аялдын билдиришинче, мурдагы жолдошу балдарына апасы каза болгонун айтып, беш жыл бою аларды энесинен алыстатып келген.

Аруу Эмилбекованын айтымында, ал 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктан улам жолдошу менен ажырашкан. Балдардын ким менен жашай турганын аныктоо боюнча соттук териштирүүдө анын жеке турак жайы жок экени эске алынып, төрт баласы тең атасынын карамагына өткөрүлгөн.
Соттун чечиминен кийин мурдагы жолдошу аны алимент төлөөгө милдеттендирүү үчүн сотко кайрылганын билдирди. Аялдын айтымында, мурдагы күйөөсү он жылдан бери бажы тармагында иштейт. Ошондой эле ал Камчыбек Ташиевдин жакын тууганы экенин айтып, ушул байланыштардан улам өзүнүн кайрылуулары көп жылдар бою жыйынтыксыз калганын белгиледи. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.
«Апа, көрсө сен тирүү экенсиң…»
Аруу Эмилбекова акыркы эки айда президентке видео кайрылууларды жарыялап жүргөнүн айтты. Анын билдиришинче, ушул мезгилде 10 жана 12 жаштагы кыздары Instagram аркылуу аны таап, байланышкан.
«Апа, көрсө сен тирүү экенсиң. Атабыз сени кандай кордосо, бизди да ошондой кордоп жатат. Бизди алып кетчи», — деп кыздарынын сөздөрүн айтып берди аял.
Эненин айтымында, мурдагы жолдошу балдарына беш жыл бою алардын апасы каза болгонун айтып келген. Ал эки кызы атасынын үйүнөн качып, өзүнө келгенин, ошол учурда денелеринде көгала тактар болгонун билдирди. Аял бул жагдайларды балдары да зомбулукка кабылып жаткандыгынын белгиси катары айтып, алардын коопсуздугун камсыздоону жана төрт баласын тең өзүнө кайтарып берүүнү суранды.
Президент соттун чечимин кайра кароону тапшырды

Кайрылууну уккан Садыр Жапаров тиешелүү кызматкерлерге балдардын жашаган жерин аныктоо боюнча мурда чыгарылган соттук чечимди жаңы жагдайларды эске алуу менен кайра карап чыгуу тапшырмасын берди.
«Кайра карагыла, жаңы ачылган жагдайлар менен төрт баласын тең алып бергиле. Он сегизге чыга элек балдары энеси менен болушу керек. Андай күчкө салып, зөөкүрлүк кылгандарга жарабайт», — деди президент.
Мамлекет башчысы аялдын кайрылуусуна жооп берип жатып, балдарга карата күч колдонууга жол берилбеши керектигин белгиледи.
Балдардын коопсуздугу жана укуктары боюнча суроолор ачык бойдон калууда
Аруу Эмилбекованын кайрылуусунда үй-бүлөлүк зомбулук, балдардын ата-энеси менен байланышуу укугу, соттун балдардын жашаган жерин аныктоо боюнча чечими жана алардын коопсуздугу маселелери көтөрүлдү.
Аял билдирген зомбулук фактылары боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлгөнү же жүргүзүлбөгөнү, ошондой эле балдардын учурдагы укуктук макамы тууралуу азырынча маалымат жок.
Президенттин тапшырмасынан кийин соттун мурдагы чечими кандай тартипте кайра каралары жана балдардын мындан аркы жашоо шарттары кандай аныкталары азырынча белгисиз.
Даярдаган: Венера Шонкоева