Күз-кыш мезгилинде жылытуучу мештерди колдонуу күчөгөндүктөн, өрт кырсыктарынын жана ис газына уулануунун алдын алуу маселеси актуалдуу болууда. Ушуга байланыштуу Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү тургундарды өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.
Адистердин эскертүүсүнө ылайык, кырсыктардын алдын алуу үчүн төмөнкү эрежелерди аткаруу зарыл:
— Жылытуучу мештерди жана морлорду көөдөн, күлдөн үзгүлтүксүз тазалап туруу;
— Мештин оозунун алдына чок түшүп, өрт чыкпашы үчүн темирден жасалган коргоочу төшөм орнотуу;
— Мештердеги жаракаларды өз убагында бүтөп, техникалык абалын текшерүү;
— Мештин жанына жана үстүнө күйүүчү буюмдарды, отундарды жайгаштырбоо;
— Газ жана көмүр менен иштеген жылытуучу жабдууларды коопсуздук эрежелерине ылайык колдонуу;
— Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип, морлордун тартуусун текшерүү;
— Күйүп жаткан мештерди кароосуз калтырбоо жана жаш балдарды мештин жанына жалгыз калтырбоо.

Тогуз-Торо райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо ар бир жарандын жоопкерчилиги экенин эскертет. Тургундарды өздөрүнүн жана жакындарынын өмүрүн, ден соолугун сактоо үчүн коопсуздук талаптарына кайдыгер карабоого чакырат.
Өрт кырсыгынын алдын алуу — ар бирибиздин колубузда!
Даярдаган: Анара Мааметова