Нарын облусунда куруу пландалган 50 футбол аянтчасынын бири Төлөк айылында ишке ашырылууда. Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Президенттик фонддун каражатынын эсебинен айылда чоң футбол аянтчасы курулуп жатат.

Төлөк айылында спорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында учурда футбол ойноого ылайыкталган аянтчанын курулуш иштери жүрүүдө.

Долбоор Президенттик фонд тарабынан каржыланып, Нарын облусунда курууга каралган 50 футбол аянтчасынын алкагында жүзөгө ашырылууда.

Жаңы футбол аянтчасы айылдагы спорт сүйүүчүлөрү үчүн кошумча мүмкүнчүлүк түзөт. Айрыкча жаштардын футболго болгон кызыгуусун арттырып, бош убактысын пайдалуу өткөрүүсүнө жана сергек жашоо образын калыптандыруусуна шарт түзөт. Курулуш иштери аяктап, аянтча пайдаланууга берилгенден кийин айыл тургундары, жаштар жана спорт сүйүүчүлөрү футбол менен машыгууга ылайыктуу жайга ээ болушат.
Жасмина Мырзабекова