Төлөк айылында Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташуунун алкагында мечиттин жанында үч бөлмөлүү жатакана курулууда. Демилге айылдын социалдык жана диний инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.

Курулуш иштери Бириккен Араб Эмираттары менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Жаңы имарат үч бөлмөдөн турат. Анда атайын келген коноктор үчүн керектүү шарттарды түзүү каралган.
Курулуш аяктагандан кийин айыл тургундары жана Төлөккө келген коноктор жатакананын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алышат.

Мындай кызматташтык айыл жергесиндеги инфраструктураны жакшыртууга жана коомдук маанидеги объекттерди курууга өбөлгө түзөт.
Жасмина Мырзабекова