Кыргызстанда ишкер айымдарды колдоого багытталган “Бизнестеги айымдар” насаатчылык программасынын бешинчи сезону жыйынтыкталды. Анын алкагында 29 ишкер айым программаны ийгиликтүү аяктап, сертификат алды. Ал эми программа ишке кирген 2019-жылдан бери ага 400дөн ашык адам катышкан.

Долбоор Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) “Бизнестеги айымдар” программасынын каржылык эмес кызматтарынын алкагында FINCA Банк менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.
Насаатчылык программасы ишкер айымдар менен тажрыйбалуу насаатчыларды бириктирип, билим жана практикалык тажрыйба алмашууга, ишкердик байланыштарды түзүүгө жана бизнести өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Бешинчи сезонго Кыргызстандын алты аймагынан билим берүү, тамак-аш жана жеңил өнөр жай, соода, туризм жана айыл чарба тармактарында иштеген 36 ишкер айым тандалып алынган. Алар жети ай бою насаатчылардын колдоосу менен компанияларын өнүктүрүү жана башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүү багытында иш алып барышкан. Сезондун жыйынтыгында 32 катышуучу финалга чыгып, алардын 29у программаны ийгиликтүү аяктаган.
Ошондой эле жогорку натыйжа көрсөткөн үч насаатчылык жуп өзгөчө белгиленди. Алардын катарында Bulo кондитерканасынын негиздөөчүсү Мээрим Джумабекова менен UNO Gelato Family компаниясынын башкы директору Зухра Бабаджанова, “Амина” бала бакчасынын негиздөөчүсү Рыскуль Досматова менен “Умка Kids” бала бакчасынын негиздөөчүсү Майрам Торобекова, EDUS консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү Жайнагул Доолотбекова менен финансы боюнча тренер жана ICF коучу Нураим Манапбаева бар.

ЕРӨБдүн Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча аймактык жетекчиси Нодира Мансурованын айтымында, насаатчылык программасы аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган комплекстүү колдоо системасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.
Анын маалыматына караганда, 2019-жылдан бери программага 400дөн ашык адам, анын ичинде 156 жергиликтүү жана 42 чет өлкөлүк насаатчы катышкан. Эксперттик колдоонун натыйжасында катышуучулардын 80 пайызы сатуунун көлөмүн көбөйтүп, 70 пайыздан ашыгы продукцияларынын түрүн кеңейткен. Ал эми 47 пайызы жаңы рынокторго чыккан. Программа ишке киргенден бери жалпы 485 жумуш орду түзүлгөн.
FINCA Банктын башкармасынын төрагасы Махмуд Саидахматов да аялдардын ишкердигин өнүктүрүүдө каржылык колдоо менен катар билим, тажрыйба жана кесиптик коштоонун маанилүүлүгүн белгилеген.
Программанын бүтүрүүчүсү Мээрим Джумабекованын айтымында, насаатчы менен иштөө анын бизнести башкаруу боюнча түшүнүгүн кеңейтип, конкреттүү натыйжаларга жетүүгө жардам берген. Ал программанын алкагында эсепке алуу системасын түзүп, чыгымдарды оптималдаштырууга, продукциянын түрлөрүн талдоого жана дүң соодага басым жасоого жетишкен.
Бешинчи сезондун негизги жыйынтыктары:
Мындан тышкары, бешинчи сезондун жыйынтыгында 64 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
Программа ЕРӨБдүн “Бизнестеги айымдар” демилгесинин алкагында FINCA Банк менен биргеликте, Ишкер аялдарды каржылоо демилгесинин (We-Fi) жана Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен ишке ашырылат. Долбоор ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду аркылуу да каржыланат.