
КҮЗ МАЙРАМЫ — БЕРЕКЕНИН, ШАТТЫКТЫН ЖАНА ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТЫН МАЙРАМЫ!
Шарыпбек Абдылдаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде башталгыч класстардын окуучуларынын катышуусунда өзгөчө шаңдуу жана кызыктуу «Күз майрамы» болуп өттү.

Күз майрамын өзгөчө жоопкерчилик жана чыгармачылык менен даярданып, күздүн кооздугун, берекесин жана мол түшүмүн даңазалаган кызыктуу программаларды тартуулашты. Окуучулар ырдап, бийлеп, көркөм сөз сүйлөп, күз мезгилинин кереметин сахнада чагылдырып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.



Ар бир класс өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөтүп, майрамга өз салымын кошуп, жигердүү катышты. Катышуучулардын аракетин жана даярдыгын баалоо менен бардык класстар грамоталар менен сыйланышты.
Бул майрам окуучулардын талантын ачууга, чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө, биримдикке, ынтымакка жана эмгекти баалоого тарбиялоодо чоң мааниге ээ болду.
Майрамдын жогорку деңгээлде уюштурулушуна салым кошкон мектеп админстрациясына ,башталгыч класстардын класс жетекчилерине, окуучуларга жана ата-энелерге терең ыраазычылык билдиребиз!
Күз — берекенин мезгили, ал эми балдардын күлкүсү — ар бир майрамдын көркү!

Автору: Света Өмүркулова