Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Гүлзат Чекирова үйдө жөн олтурбастан токуу иштери менен алек. Ал баш кийим, жакет жана кичине балдар үчүн жиптен кийимдерди токуйт.
Жасалган буюмдарды дүкөнгө өткөзүп, андан түшкөн акчаларды үй керегине жумшайт.
Учурда беш баланын энеси. Сокмочу Гүлзат Чекированын айтымында, бул өнөрдү кичине чагында апасынан үйрөнгөн, ошондон тартып токуу менен алектенет. Жиптерди өзүм айкалыштырып, кооз кылууга аракеттенем дейт.
“Апам токуганда жанында олтуруп үйрөнгөнгө аракет кылчумун. Үйрөнгүчөктү жанынан чыкчу эмесмин. Учурда сокмом эмгегимди актайт, бирде-бир түшпөсө дагы бир аз аракетимди актайт. Илме шибеге менен токуйм, мындай шиштер менен да токуйм. Башмактарды токуйм, балдарга байпактарды, беретка, жакет, келиндер үчүн да токуйм. Бир сокмо үчүн кичине болсо бат эле бүтөм”, — деп билдирди Чекирова.
Апамдын өнөрүнө көп кызыкпайм, бирок кээ бир учурларда жардам берип турам. Мен үчүн апам көптөгөн кооз нерселерди токуп берген, деп баяндайт кызы Айдана Кеңешбек кызы.
“Апамдын сокмолору мага аябай жагат, бирок менин өзүмдүн колуман келбейт андай нерселер. Апам мага көп нерселерди токуп берди, башыма беретка токуп берди, шарф токуп берген, колума мээлей, бутума башмак токуп берген. Кээ бир учурда жардам берем”, — дейт кызы Айдана.
Соодагер Нүргүл Кендирбаеванын айтымында, бул сокмолордун сапаты жакшы, сатып алуучулардын да кызыгуусу күч.
“Товарлары кудайга шүгүр, колго токуп өткөрүп жатат. Кауровый килемдин жиптеринен майичкаларды, чешкаларды, байпактарды, береткаларды токуп өткөрөт. Сапаты жакшы колго токуп өткөрүп жаткан соң түлөбөйт, синтетика жок. Товарга кызыккан элдер арбын, өзгөчө балдардын кийимине кызыгышууда белек кылганга дагы ыңгайлуу”, — деп айтып өттү сатуучу Кендирбаева.
Сатып алуучулардын бири Миргүл Үкүева токулмалар жакшы болгондуктан кыздарына ар кандай буюмдарды сатып бергенин айтат.
“Мен кыздарыма көп нерсе сатып бердим. Кичүү кызыма беретка, жакет сатып бердим. Товарлардын сапаты жакшы экен. Менин ушу айтарым мектепте дагы ушундай токулмаларды үйрөтсө жакшы болмок кыздырга», — дейт Үкүева.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы, Айзада Кубатбек кызы
Сынак үчүн