Түп районуна караштуу Тасма айылында мончо ишке кирди. Мончо айылдын так ортосунда жайгашкан.
Мурун мончо эски, таза эмес болчу. Учурда оңдолуп-түздөлгөн соң ишемби жана жекшенби күндөрү айыл тургундарга кызмат кыла баштады.
Мончонун директору Кенжебек Бейшенбиевдин айтымында, оңдоп түзөөдө каражат жана керектүү буюмдарды алууда кыйынчылыктар болгон.
“Мончо өтө эски болуп калганына байланыштуу аны кайра жаңыртууда кыйынчылыктар болду. Айыл тургундары келип түшүшүүдө. Баасы шардыкынан арзан 80 сом, ал эми окуучуларга 60 сом”, — деп айтып өттү Бейшембиев.
Бейшембиевдин жубайы Сагынай Осмонакуноваын билдирүүсүндө, мурункуга караганда азыр мончонун шарттары жакшырган.
“Айыл тургундары айтып жатышат, мурдакыга караганда мончо тазарып, шарттары жакшырып калды деп. Айыл тургундары ишемби күндөрү аялдар, кыздар, ал эми жекшемби күнү эркектер келип түшүшөт”, — деп билдирди мончонун иштөө тартиби боюнча Осмонакунова.
Айыл тургуну Атыркул Кылычбаева мончонун ачылганы айыл тургундары үчүн жакшы шарт түзүп берди дейт.
“Мончону ишке киргени айыл тургундары үчүн жакшы жаңылык болду. Жумасына бир жолу барып түшүп турсак жакшы да”, — дейт ал.
Даярдагандар: Насият Орозакун кызы, Адина Игнатбек кызы
Сынак үчүн