Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылындагы Асан Сопиев атындагы мектептин айланасын тазалоо иштери жүрдү. Ишембиликке 2-класстан 11-класска чейин окуучулар катышты.
Сопиев мектебинин организатору Назира Өмүрзакова бул иш чара окуучуларды табият менен таттуу мамиледе болууга үйрөтөт деген оюн айтып өттү.
“Бул иш чаранын максаты — тазалыкты кармоо. Учурда окуучулардын бардыгы өздөрүнө берилген жерди тазалап жатышат”, — деди ишембиликтин жүрүшү жөнүндө Өмүрзакова.
Мектеп парламентинин экология министри Дамир Улан уулу ар бир класска бөлүнгөн жерди тазалоодо, башкы максатыбыз тазалык, дейт.
“Бул ишембилик негизи күзүндө жана жазында болот. Учурда жалбырактар жерге түшүп калганына байланыштуу кардын астында калтырбай тазалап жатабыз”, — деп түшүндүрдү Дамир Улан уулу.
Аталган мектептин 5-классынын окуучусу Адинай Бекешова бири-бирибизден калбай айлананы тазалап жатабыз, дейт.
“Биз класстагы окуучулардын баардыгы өзүбүзгө бөлүнгөн жерди тазалап жатабыз. Тазалап койсок мектептин тегереги таза болуп жакшы болот. Биз ойногондо да таза жерге ойнойбуз”, — деген оюн билдирди Бекешова.
Даярдагандар: Нуржанат Советбек кызы, Гүлзар Курманбек кызы
Сынак үчүн