Түп районундагы Тасма айылынын тургуну Бурулуш Асаналиева кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ал кездемелерден курак курап, оюу салып, жер төшөк жана жаздыкчаларды жасайт.
Анын колунан чыккан буюмдарды айыл тургундары жана коңшу айылдагылар келип алып кетишет.
Булуш бул өнөрдү өзүнүн энесинен үйрөнгөндүгүн жана өзүнүн да жөндөмү бар экендигин айтып өттү.
“Мен бул кол өнөрчүлүктү бат өздөштүрүп кеттим. Кол өнөрчүлүк бул баардык адамга керек, мага жасаган иштерим жагат. Жасагандарымды айылдагы элдер, көбүнчө шаардагылар, коңшу айылдагылар сатып алышат. Айылдагылар сепке деп алышат, жакындарыма белекке да берем”, — деп билдирди ал.
Жасаган буюмдарын дайыма алып, колдонуп жүргөнүн айткан Мунара Төбөева анын жасаганын жактыраарын билдирди.
“Мен Бурулуш эженин жасаган төшөктөрүн алгам, бирөө курак түрүндө, бирөө оюу түрүндө. Алар аябай кылдат жасалган. Өңдөрү да бири-бирине төп келип айкалышып турат. Мага жасаганы жаккандыктан алам. Үйгө салып койсо дагы көрк берип турат”, -деп айтты Төбөева.
“Бурулуш эже кыргыздын жасаган ишин унутпай улантып келе жатканы жакшы болду. Учурда көпчүлүгү жасагды билишпейт”, — деп кошумчалады Төбөева.
Бурулуш эженин кызы Бегимай Ишенбекова учурда 11-класстын окуучусу. Ал апасынын жанында жүрүп бул иштерди үйрөнүп, апасына жардам берээрин айтты.
“Мага апамдын жасаган иши өтө жагат. Кээде курактарды кесишип тиккенге дагы жардам берем”, — дейт кызы Ишенбекова.
Даярдагандар: Элдияр Санжар уулу, Саадат Турдуматова
Сынак үчүн