Сумбула айыл округунун Маданият үйүндө ыр кесе өттү. Анда айылдык жаш жана кары таланттардын шыгын элге көрсөтүлүп, маданият үйлөрүнүн отчёттук концерти белгиленди.
Сумбула айылдык маданият үйүндө 21-ноябрь күнү “Илек-илек“ аттуу темадагы, маданият үйлөрүнүн башчысы Назакат Максутова баштаган отчёттук концерт болуп өттү. Бул концерт ар бир айыл округунун маданият үйлөрүндө өткөрүлүп жатат. Айыл округунан жеңип чыккан таланттар райондук турда ат салышат.
Бул концертти уюштурган Назакат Максутова өзүнүн оюун мындай деп билдирди.
«Бүгүнку өтүлүп жаткан иш-чара конкурс эмес, бул Илек-илек таланттарынын маданият үйүнүн кызматкерлеринин отчёттук концерти. Уюштурунун негизги максаты — эл арасындагы түрдүү кесип ээлеринин, жаштардын арасындагы көмүскөдө жаткан таланттарды издеп таап, алардын талантын жалпы коомчулукка тааныттуу. Буларга бир моралдык жардам көрсөттүү. Бул концертибиз маданият бөлүмү тарабынан уюштурулуп бүгүнкү күндө жалпы айыл округдарда белгиленген. Учурда Сумбула айыл өкмөтүндөгү таланттардын концерти болууда. Айыл округдан жеңип чыккан таланттар райондо өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө сыйлыгыбыз — бул элдин алдына жана сахнага алып чыгуу жана аларды колдоо», — деп баяндады ал.

Бул концертте карылыгына карабай өзүн жаш сезип өзгөчөлөнгөн Пайгам Сатиев мындай деп билдирди.
«Мен мектепте иштеймин мугалиммин. Кичине комуз чертем, окуучуларга комуздан сабак берем. Ырдап өздөрү комуз чертишет. Бул кароо-сынак экен ошого окуучуларымды алып келдим жана өзүм да катыштым. Мен кесибим юрист, музыкалык билимим жок. Музыкага кызыккан киши катары комузду таштабай келем. Комузду эч жерден үйрөнгөн жокмун өзүмчө эле үйрөнүп чертип жүрөм. Райондук турларга катышам, ар кандай иш-чараларга катышам окуучуларга кичине үйрөтүп келем. Мен комузду черткенде жаштыгым эске түшөт, эс аламын, баардык кайгы капамды унутам. Бул жан-дүйнөнүн тамактануусу», — деген оюн билдирди Сатиев.

Бул иш-чарада “Манас» айтту, эстрада жанрында ырдоо, бийлөө, музыкалык аспап менен ырдоо баскычтары болду. Бул концертке келген көрүүчүлөр да аябай шаңдуу олтуруп, бирок кичине жаштар арасында тартип бузуулар да болду.
Даярдаган: Амантур Ганыев, Нурислам Жанибеков
Сынак үчүн