
Былтыр кышында 30-35 градус сууктун кесепетинен айылдагы көчөлөрдүн биринде суу ташкындоосу болуп, жабыркоо болгонун жазган элек. Бул окуядан кийин айылдагы “Макый ата” жана “Дөөлөт уулу Барктабас” көчөлөрүнө май айынан июнь айына чейин сайлардын жээктерине дамбалар Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан курулуп оңдолду.
Нарын районунун Куланак айылындагы “Макый ата” көчөсүнүн тургуну Токтобек Көчиев тосулган дамбалар элге чоң таасирин тийгизерин айтат.
“Мурун дамбалар курула электе сай оюлуп бара жаткан болчу. Эгерде сайларга торлор тосулбаса, анда келе жаткан кышта былтыркыдай суу тоңуп, дагы жабыр тармакпыз”, -деп айтты ал.

Ал эми ӨКМинин кызматкери Эмилбек Солтоналиев бул былтыр бүтүрүлүшү керек болгон иш эле дейт.
“Дамбаларды куруунун негизги максаты — элди кыян-селден сактоо. Бул 2014-жылдагы план эле. 2015-2016-жылдагы план болсо, Терек-Суу жана Кара-Тал участкалары болуп саналат. Ошондой эле тосулган торлор Куланак айылындагы эки жерге салынды. Ал эми бул ишке кеткен акча Өкмөт тарабынан каржыланып, Ичке участогуна 1 миллион 300 миң сом, Кур-Кокту участкосуна 297 миң кетти”, — деп билдирди Солтоналиев.
Айыл тургуну Рыскелди Жусубалиев былтыркы окуядан жабыр тартканын төмөнкүчө эскерет.
“Өзүңүздөр билгендей былтыркы суу ташкындоонун кесепетинен биздин көчөлөрдөгү дарбазанын сыртына суу тоңуп калып, жылгаяк тепчү жайга окшошуп калган болчу. Анан дагы үйгө тайгаланып араң кирчүбүз. Жазга жеткирбей баткак болбосун деп кышында музду чагып да көрдүк. Бирок баары бир деле калып калган муздар жазында ээрип, анча-мынча кыйынчылык жаратты”, — деди Жусубалиев.
![20151116_120104[1]](http://kulanak.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/2/2015/11/20151116_1201041.jpg)
Албетте, тосулган дамбалар айыл элин сүйүнтпөй койбойт. Жогоруда Солтоналиев айткандай, 2016-жылдагы пландар да бар экенин эскерте кетели.
Авторлор: Самара Рыскелдиева, Айзат Асанова
Сынак үчүн