
Бакай-Ата районундагы жана районго караштуу айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин ортосунда жыл сайын өтчү спорттук спартакиада башталды. Ага жалпысынан 16 команда катышууда.
Бакай-ата райондук спорт комитетинин инструктору Замир Эшенкулов 10 жылдан бери аталган мекемеде эмгектенет. Иш-чаранын жүрүшү тууралуу ал түшүндүрмө бере кетти.
«Бүгүн мекеме уюмдарынын жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш болуп жатат. Бул оюн жылына өтөт. Азыр 16 команда болду. Мини футболдон оюн башталды. Спорт — бул ден-солуктун булагы, сергек жашоого үндөө. Мекемеде иштеген кызматкерлер жалаң эле кагаз жазып отура бербей, кээ бир кезде ушинтип спорт оюндарын дагы ойноп койсо ден-солугуна пайда болот», — деп билдирди Эшенкулов.
Бакай-Ата райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Карабаев ар бир мекеме оюндун байге фондуна 500 сомдон бергенин айтты.
«Ар бир мекеме 500 сом взнос төлөп байге фонду түзүлгөн. Бүгүн спартакиада спорттун алты түрү боюнча өтүп жатат. Дени сак элге үндөп, ошого чакырып ушул спартакиаданы уюштуруп жатышат», — деп айтты Карабаев.
Бакай-Ата райондук ички иштер бөлүмү даярдык менен келип, баш байгени жеңди. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкер Кубат Самудинов жеңишке жетүү кыйын болгон жок дейт.
«Биз милиция кызматкери болгондон кийин бизде машыгуу болуп турат. Ошонун себебинен кыйынчылык деле болгон жок. Атаандаштарыбыз күчтүү деле болгон жок», — деди ал.
Даярдаган: Арфат Түмөнбеков
Сынак үчүн