Акыркы мезгилде анемия дарты менен ооругандардын саны күн санап көбөйүүдө. Бул ооруу адамдардын организмине керектүү азык-заттардын жетишсиздиги жана адамдардын туура эмес тамактануусунун негизинде келип чыгат.
Бүгүн анемия же аз кандуулук оорусунун алдын алуунун жолдору жөнүндө Асель Оморова атайын дайындаган пайдалуу кеңешин аудио файылынан уга аласыздар .
Биз сөз кылып жаткан дартка чалдыккан бейтап алгачкы симптомдорун байкоо мүмкүнчүлү.
Темирдин жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулук акырындап жүрүп, өнүгөт. Мисалы: сасык тумоого чалдыккан бейтап, чүчкүргөндө жана дене табы көтөрүлгөндө билет эмеспи. Ал эми аз кандуулук андай болбойт. Акырындап олтуруп, гемоглобиндер азайып организм ошентип аз кандуулукка көнүп калат. Ошондуктан аз кандуулукту үч түргө бөлөбүз. Алар: оңой, орточо жана оор түр болуп бөлүнөт. Беш жашка чейинки балдар арасында оңой түрү көп катталат. Ошондо жаш балдар эч кандай белгилерди беришпейт. Ал эми орточо түрүнө өткөндө кебетелери, алакандары, эриндери кубарып калат. Аны дарыгер эле аныктай алат. Ата энелер көп учурда байкашпайт. Бала шалдырап, бат чарчап, алы кетип калганда, аз кандуулуктун эң оор түрүнө кирип калган болот. Мында гемоглобин 60-70 ке азайып кеткен болот. Оңой түрү башталганда баланын тамакка табити начарлай баштайт.
Өз убагында дарыланбай, убакыт өтүп кетсе кандай коркунучтары бар жана өтүшүп кетсе эмнеге алып келет.
Аз кандуулук ар кайсыл куракта өзүнүн эң чон залалын алгач эле баш мээге тийгизет. Себеби баш мээ иштеш үчүн кычкылтек жетиштүү өлчөмдө болушу зарыл. Үч жашка чейинки балдардын баш мээси ушул куракта калыптанып бүтөт. Ошондуктан айтылган жашта каны аз болуп, баланын мээсине кислород жетпей калып, жакшы жетилбей калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө илим жүзүндө аныкталган. Эгерде кош бойлуу кезде эненин каны аз болсо, балага дагы таасирин тийгизет. Ошентип үч жашка чейин каны аз болуп, баш мээге кислород көп жетпей калса, мектепте ал балдар жаман окушат. Аларды жакшы окутуу үчүн көптөгөн иш аракеттерди кылуу керек. Күн сайын окутуп, ырларды жаттатып. Дагы бир жагын айтсам, ички органдардын баардыгына терс таасирин тийгизет. Ошондой эле айрым аялдар, басканда, көп кабаттуу үйлөргө чыкканда энтигет. Мунун себеби жүрөктүн булчуңдары кан аз болгондо жакшы иштебей калат. Ошондуктан аз кандуулуктун организмге тийгизген таасири көп.
Дайындаган: Чолпон Сабитова