Тасма айылынын төрт узун жолдорунун бири Тынтай көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Жол көчөнүн жашоочулары жана айыл өкмөтүнүн жардамы менен оңдолду.

Айбек Алымовдун айтымында, бул жолдун оңдолуп жатканы балдардын келечегине, ары-бери басканына пайдасын тийгизет.
“Жол оңдолгону жакшы болду. Элдер өзүлөрү акча чыгарышты. Элдер да чуркап, айыл өкмөтү да жардам берип жатат”, — деп билдирди Алымов.
Айыл тургуну Чолпон Басылбекованын билдирүүсүндө, жолдун оңдолушу адамдарга гана эмес, унааларга да жакшы болду.
“Ар бир үй миң сомдон чыгардык. Бизде үч огород бар болчу үч миң сом бердик”, — деп айтып өттү Басылбекова.

?
Айыл тургуну Эрлан Тойтоев айылдашын колдоп, жолдун оңдолгонуна кубанычын жашырган жок.
“Жолдун оңдолгону жакшы болду. Жолубуз түз болсо баарыбызга пайдасы тиет”, — дейт Тойтоев кубанып.
Даярдагандар: Айдана Саякова, Ширин Акунова
Сынак үчүн