Ысык-Көл облустунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинин терезесинин абалы учурда канаттандырарлык эмес. Кыш келгенде жылуулоо иштери жүрөт, бирок ага карабастан мектеп муздак бойдон калууда.
Мектеп деректору Алик Мамытовдун айтуусунда, азыр мектептин эшик терезеси талапка жооп берет. Ал 30 жылдан бери турган терезе. Кээ бир терезелердин эскилиги жетип сынып калган.
“Ошондуктан 2-3 жылдан кийин пластик терезеге өтөлү деген оюбуз бар. Ага баардык аракетибизди жумшайбыз. Терезенин саны 168. Ал эми эсептесек 2 млн сом бопуп кетет экен. Ошол үчүн бизге акча маселе болуп жатат”, — деп билдирди Мамытов.
Кыргыз тил мугалими Мүргүл Үкуеванын билдирүүсүндө, терезенин абалы жакшы эле бирок андан суук кирет. Ошондуктан пластик кылсак болот эле дейт.
“Бирок зыяны жок эмес. Зыяны — аба киргизбейт, кайра чыгарбайт. Менин оюмча карагай терезе эле жакшы”, — деп билдирди Үкуева.
Мектептин англис тил мугалими Айдай Кубанова терезенин абалы жакшы эмес эскирип да калды, замамбап пластик терезеге өтсөк жакшы болмок, деген ойдо.
“Учурда башкысы акча каражаты эмес, келечектеги балдарыбыздын ден-соолугу болсо баары болот”, — дейт Кубанова.
Даярдагандар: Адина Игнатбекова, Нурадил Арыкбаев.
Сынак үчүн