Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында Аваз Дүйшөбаев 1978-жылы 12-декабрда жарык дүйнөгө келген. Айылдагы көчөлөрдүн бири анын аты берилген жана мектептеги окуучулардын уюму да анын атын алып жүрөт.
Ал 1999-жылы 5-ноябрда аскерге кеткен. Ал учурда Баткен окуясы чыгып, согушка катышып окко учкан.
Дүйшөбаев Асан Сопиев мектебин бүтүргөн соң, экономист кесибин аркалоону самап Каракол шаарына окууга тапшырат да, ал жерди да ийгиликтүү аяктаган.
Апасы Жаңыл Дубанаева баласынын спортко кызыккандыгын жана мектепте ийгиликтүү окуганын эскерет.
“Балам мектепти бүткөн соң Каракол шаарындагы Москва инистутунда экономист менеджер факультетин бүткөн соң, мурунку учурда военный кафедра болчу эле. Ошонусу жок болгондугуна байланыштуу аскерге кеткен. Ошол учурда Баткен согушу чыгып ошого катышып 2000-жылы 10-август күнү каза тапкан. Аскар Акаев биздин ал-акыбалыбызды сурап турчу, кийин унуткарылып калды”, — деди Дубанаева.
Сопиев мектебинде “Аваз” атын алып жүргөн өзүн-өзү башкаруу уюму иш алып барат. Аталаган мектептин призденти Айгерим Кубатбекова бул уюм туурасында төмөнкүлөргө токтолду.
“Бул уюм мурда “Жоогазын”, “Асаба” деген ат алып жүргөн экен. 2000-жылдан бери “Аваз” деген ат алган. Учурда бул уюм мектеп иштерин алып барат жана дайыма Аваз аганы эскерип үлгү тутат”, — деп билдирди Кубатбекова.
Адилет Жакыпбаев айыл тургуну Аваз көчөсүнүн жашоочусу. Көчөгө жаш аскердин атынын коюлушу тууралуу мындай деди.
“Дүйшөбаев өзү эр жүрөк бала экендигин билип эле жүрөбүз. Өзү жапжаш курагында согушка катышышы эмне деген зор. Биздин айылыбыз сыймыктана турган балдарыбыздын бири», — деп билдирди Жакыпбаев.
Даярдаган: Нуржанат Советбек кызы
Сынак үчүн