Учкун айылынын тургуну Чапай Оморов 20 жылдан бери жыгач устачылыгы менен алектенет. Ал өзүнүн устаканасын 10 жыл мурун куруп, дагы деле элге керектүү буюмдарды жасайт.
Ал келечекте устакананы чоңойтуп, балдарга үйрөтүүнү максат кылат. Айылдагы тургундар жыгач материалдардан жасалчу буюмдарды Чапай Оморовго буйрутма берип келет. Ал үй буюмдарынан тартып, эшик, терезе жада калса бешиктен өйдө жасап, заманбап буюмдарды да даярдоого ашыгат.
Бул өнөр атасы Белектен калган. Устачылык менен байкеси Субан да алектенээрин белгилейт.
“Бул өнөр менин атам Белектен калган. Атамдын өнөрүн уланткан байкем Субан да бар. Мен бул өнөр менен 20 жылдан бери алектенем. Устаканамды 10 жыл мурун ачып, ошол кезден бери элге керектүү буюмдарды жасап келе жатам. Жасап жатканда баарын кылдаттык менен даярдоого аракет кылам”, — дейт ал.
Анын жасаган эмгектерине тургундар да ыраазы. Чапай Оморов өз эмгеги менен устакана ачып, өз үйүндөгү эшик, терезе, буюмдарды өзү эле жасап алганын айтат коңшусу Эмил Баялиев.
“Чапай абдан эмгекчил бала жана абдан ыймандуу, мечитке да барып турат. Ушул үйдү салгандан бери өзүнүн үйүндөгү эшик, терезе, буюмдарды өзү эле жасап алат. Бизден да жардамын аябайт”, — дейт Эмил Баялиев.
Уста бир эшикти бир күндө, ал эми бешиктерди бир жарым күндө даярдайт. Андан тышкары тамдын чатырларын чатырлап, комуздарды оңдоп, жыгач тосмолорду жасайт. Ал ишин жакшы көрөөрүн, алгач жасай баштаганда каталарды кетиргенин белгилейт.
“Мен өзүмдүн ишимди жакшы көрөм, жаңы нерселерди ойлоп табууга кызыгам. Алгач устачылык менен алектене баштаганымда бир топ каталарды кетиргем, азыр болсо такшалып калдым. Эл менин жасаганыма ыраазы болот болуш керек”, — дейт ал.
Ал эми дагы бир коңшусу Таалайкүл Бердибаева анын жасаган ишине нааразы болуп, көптөн бери эч нерсе жасатпай калганын айтат.
“Кошунама мен мындан 2-3 жыл мурда эшик, терезе жасаткам. Ал жасаткан ишине көп акча талап кылып, начар да кылып койгон. Ошондон бери ага эч нерсе жасатпайм. Коңшулар деле көп жасатпайт. Көбүнчө башка айылдардан келип жасатып кетишет”, -дет Таалайкүл Бердибаева.
Даярдагандар: Найзабек Мукамбет уулу, Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн