
Токтогул районунун Терек-Суу айылында «Terek-Suu Revolution» деп аталган интернет-клуб ачылды. Балдарга жаңы оюн залы кызык болгону менен ата-энелер каршы болууда.
«Terek-Suu Revolution» интернет-клубунун жетекчиси Кенже Баатырбекова айылда балдар кызыга турган эч нерсе жок болгондуктан бул интернет-клубду ачтык, дейт.
«Биздин айылда компьютердик оюндарга балдар кызыгышат. Бизде эки компьютер, эки Playstation бар. Саатына 50-60 сомдон ойношот. Күнүнө 10-15 бала келет», — деп билдирди ал.
Терек-Суу айылында 9-класста окуган Нуржан Куштарбеков достору менен күндө келип ойноорун айтат.
«Бул жер жаңы эле ачылды, аябай жакшы оюндар бар экен. Бизге жаккан үчүн күнүгө келип ойнойбуз, баасы да арзан экен. Мага аябай жакты», — деп айтты ал.
Терек-Суу айылынын тургуну Назгүл Буканбекова балдардын компьютердик оюндар менен убакыт өткөрүүсүнө каршы пикирде экенин билдирди. Анын баласы компьютердик оюндарга барганган убактысы жок экенин айтат.
«Анткени мектептен жана үй жумуштарынан барганга убактысы болбойт. Негизи мен балдардын компьютердик оюндарга баруусуна каршы көз караштамын. Үй-булөлүк каражаттан акча коротуп, анан убакытты алгандан башка пайдасы жок», — деген пикирде ал.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн