
Быйыл социалдык объектилерге толугу менен отун жана көмүр жеткирилип, кышка даярдык көрүлгөнүн билдирди Могол айыл өкмөтүнүн кызматкери.
Могол айыл аймагы боюнча жалпы жети мектеп, эки бала бакчасы жана айыл өкмөттүн конторасы бар. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Акылбек Каимов социалдык объектилер кышка толугу менен даяр экенин айтты.
«Анын баарына 540миң сомго 200 тонна көмүр бөлүнүп, жеткирилип берилген. Андан сырткары бул социалдык объектилердин ар бирине 15 куб отун жеткирилип, кышка даярдык 100% бүткөн. Бизге көмүр жана отун жеткирип берүү үчүн интернетке атайын сынак (тендер) жарыяланып, жеңип чыккан фирма өзүнүн транспорту менен ташып, каржылаган. Мындан башка социалдык объектилерге 1500 сомдук электр ысыткычтар (плиталар) алып, иштетүүгө берилген. Бул иштерди аткарууда каражатты бизге мамлекет бөлгөн», — деп айтып берди Каимов.
Авторлор: Чолпон Биймурзаева, Аиза Каныбекова, Зияда Дөөлөтбек кызы.
Сынак үчүн
Телефондон жазылды