
Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында жардын жанында жашагандар коркунучта турушат. Жашоочулар алдын алуу чаралары көрүшкөнү менен азырынча аракеттери натыйжасыз бойдон калууда.
Айыл тургундары жер көчкүнүн алдын алып көчөттөрдү отургузган, бирок алар көктөгөн эмес.
Жар көчкү коркунучу болгон жерге жакын жашагандардын бири Матлюбанын айтымында, күндөн-күнгө жер жумшаган сайын көчкү жүрүү коркунучу чоң.
«Биз бул жерде айласыздан жашап жатабыз. Элдер көчкү болбойт деп айтышат. Бирок ал биздин кашаабызга жетип калды. Жарда дарактар, өсүмдүктөр жок болгондуктан биз көчпөйт деп айта албайыз», — дейт айыл тургуну Матлюба.
Ооган-Талаа айылынын башчысы Муктар Дөлдөев жер көчкү коркунучу жаралган жайларда жашагандарга алдын ала эскертип турушаарын айтат.
«Биз үй-бүлөлөрдүн коопсуздугунун алдын алуу үчүн чараларды көргөнбүз. Эгерде жашаган жеринен көчүп кетүүгө туура келсе, анда башка жерге там салып жашоо үчүн атайын жер участкасы бөлүнүп берилет. Жазгы, күзгү жаан чачындарда көчкү жүрө турган күмөн санаган жерлердеги жашоочуларга эскертүү иштерин жүргүзүп турабыз», — деп билдирди ал.
Буга чейин 1998-жылы Үч-Кол жана Талжырга колотторунун ортолугунда 3 гектар жер көчкөн болчу. Ошондо 20дан ашуун үй-бүлөө көчүрүлгөн.
Айыл башчынын айтымында, учурда эл аралык уюмдардын, мамлекеттик өзгөчө кырдаалдар министирлигинин жардамы менен элдердин арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө.
Авторлор: Алия Курманбекова, Айдай Анарбек кызы, Гушаида Султанова.
Сынак үчүн
Телефондон жазылды