
Азыркы убакта Базар-Коргон районунундагы Көк-Алма айылынын жолдоруна асфальт төшөлүп жолдор оңдолду. Окуучулар менен айдоочуларга жолдо жүрүүгө ыңгайлуу болуп калды дешүүдө тургундар.
Жогорку кеңештеги «Ата- Мекен» партиясынын депутаты Сайдилла Нышанов өз айылына кам көрүп, айылынын жолдоруна асфальт төшөп берген.
Учурда жолдо жүрүүгө ыңгайлуу. Асфальтты август айынын башында баштап айдын акырында аякташкан.
Айыл тургуну Бегимай Көчөрова асфальт төшөлгөндөн бери жолдор оңолуп, басууга ыңгайлуу болуп калганын билдирди.
«Асфальтты бизге Нышанов Сайдилла агабыз төшөп берди. Таза суу чыгарып, мечит куруп элге кызматын өтөөдө. Мурда жолдорубуз таштак жаман болчу. Азыр жакшы машиналар тынымсыз каттап, балдарыбыз кеңири ойноп, окууга барып-келип жатышат», — дейт ал.
Мурун асфальт төшөлө элегинде жол кырсыктары да болуп турчу», — деп кошумчалайт Көчөрова.
Айылдагы дүкөнчү Саламат Акматова жолдун оңдолушу аяктаганын, бирок жол четтерине тосмо коюлса жакшы болмок дейт.
«Жолдо жүрүү ыңгайсыз эле. Азыркы убакта жолдор тегиз, басууга ыңгайлуу. Бир гана айыл тургундары асфальтка трамплин коюп берүүнү суранууда”, — дейт ал.
Көк-Алма айылынын башчысы Зулумбек Раманов асфальт төшөлгөндөн бери тургундар кубанууда дейт.
”Жумуш август айынын башында башталып, айдын акырында соңуна чыкты. Айыл тургундары өз күчүн аябады», — деп маалымдайт айыл башчысы.
Авторлор: Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибаграгим кызы.
Сынак үчүн.
Телефондон жазылды.