
Базар-Коргон районунун Чарбак айылындагы мектеп эски болгондуктан, жаңы мектеп курулууда. Жаңы курулуп жаткан мектеп заманбап талаптарга жооп берет деп ишендирүүдө.
Бөрүбаева Карамат Чарбак айылынын тургуну. Анын айтымында эски мектепте отуруп билим алууга мүмкүн болбой калган.
«Балдарыбызды кышында мектепке жөнөтүүдөн коркот элек. Учурда жаңы мектеп курулуп жатат. Курулушу жакшы болууда. Спорт зал, ашкана жана жуунучу бөлмөлөрү ичинде. Жаңы мектеп бүтүп балдарыбыз жакшы билим алышына тилектешпиз”, — деди Бөрүбаева.
Бригадир Муктардыны командасында азыркы убакта 32 бала бар. Алар менен чогуу мектептин курулушунда иштеп жатат.
«Бул мектепти баштаганыбызга эки жыл болду. 2017-жылга биз мектепти тапшырабыз дегенбиз. Мектептин биринчи, экинчи кабаты бүтүп калды. Имараттын чатырына келдик. Бир, эки күндүн ичинде баштап, бир айдын ичинде бүтүрөбүз», — дейт бригадир.
Мектеп 270 балага ылайыкталып салынууда.
Орус адабияты мугалими Дилфуза Тажибаеванын айтымында, мектеп 2013- жылы директор Кочкоров Равшан агайдын барында башталган.
«Документтерди тапшырып, кийин агай көз жумду. Мурдагы мектептин абалы начар болчу. Жаңы мектептин курулуп жатканы окуучуларга да, мугалимдерге да жакшы болду”, — деп айтты мугалим Тажибаева.
Авторлор: Айназик Бакыт кызы, Азиза Ибрагим кызы.
Сынак үчүн
Телефондон жазылды.