
Токтогул районунун Терек-Суу айылында окуучулары менен айыл өкмөт башчысынын дил маеги болуп өттү. Бул дил маекте айыл өкмөт окуучулардын суроолоруна жооп берди.
Бул дил маектин кандай өткөнү тууралуу айыл өкмөт башчысы Советбек Джээналиев төмөнкүлөрдү айтты.
«Дил маектин окуучуларга болгон тарбиясы бар. Алар тажырбиялуу адамдардан үлгү алат деп ойлойм. Оригиналдуу суроо «жети энеңди айтып бериниз» деген суроо болду», — деди айыл өкмөт башчысы.
Мектеп окуучусу Мунара Бакытбекова дил маек жакканын айтат.
«Менин оюмча агайдын кругозору кенен. Өзү айткандай эле, абдан интеллигент адам экени көрүнуп турат. Баардык нерсеге кызыккан жана бардык нерсени алдын ала билген адам экенине көзүм жетти», — деп бөлүштү Бакытбекова.
Даярдаган: Луиза Айтымбетова
Сынак үчүн