Түп районуна караштуу Тасма айылында мал ооруларына каршы кан алынып, ийне сайылды. Бул иш чара бодо малдын шарп, бруцеллез ооруларын алдын алуу катарында жүргүзүлдү.
Аталган эмдөө алты айда бир жүрүп турат. Айыл тургундарынын негизги чарбасынын бири мал чарбачылык болгондуктан алар бодо малдарынын баарын эмдетти.
Малдын этин, сүтүн пайдаланышат, ошондуктан элдер малдарын текшертип, убагында даарылатып турушарын айтышат.
Айыл тургуну Гүлназ Жумагулова бардык бодо малын алып чыгып эмдеткен. Мал таза болсо, өзүбүз да таза болобуз, дейт ал.
“Бул кан алуу жана укол куюу бруцеллез ооруларына кашы жүргүзүлүп жатат. Ар бир адамдын өзү үчүн керек. Себеби айтып коюшат эмеспи, мал таза болсо адамдын өзү да таза болот деп. Эми бардык бодо малдарыбыды алып чыктык, кичинекей торпокко чейин”, — дейт Жумагулова.
Ал эми аталган айылдын мал доктору Турусбек Ибраев эмдөөнүн максаты боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.
“Кан алганыбыздын себеби бруцеллезго каны текшерүүдөн өтөт. Ал эми вакцина шарпты алдын алуу үчүн куюлат. Булар бардыгы профилактикалык алдын алуу иштери. Бул алты ай сайын кайталанып турат. Ал эми баасы болсо уколдуку 35 сом, кандыкы дагы 35 сом”, — деди ал.
Айыл тургуну Акыл Турсуналиев кан алдыртып укол куйдуртуп алсак адамдар өзүбүз үчүн эле жакшы, кээ бир адамдар акчасын аяп сайдыртпай коюп, оорусу күч болуп кетет, деп баяндайт.
“Кокус малыбыз ооруп калса адам үчүн эле жаман. Кээ бирлери бар акчасын аяшат бирок алардыкы ооруп калса өзүлөрүнүнө эле жаман болот. Барыбыз тең тазалатышыбыз керек, баары таза болсо жакшы. Уколду да ооруларга каршы сайышат. Баардык малдарыбызга сайдырып жатабыз. Мен бардык малдарымды алып чыктым”, -деди Турсуналиев.
Даярдагандар: Айгерим Кубатбекова, Нуржанат Советбек кызы.
Сынак үчүн